http://forkredit.com/ | | |

"КЫРГЫЗ ПОЧТАСЫ" МИ

Жаңылыктар

Маалымат


“Кыргыз почтасы” МИнин филиалдарынын байланыш бөлүмдөрү аркылуу финансылык кызматтардан кеңири пайдалануу»

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы почта байланыш тармагында иштеген  4000ден ашык  кызматкери бар ири уюм болуп эсептелет. Ишкана 920 операциялык участокторун жана почта байланыш бөлүмдөрүн, анын ичинде калкка почталык, финансылык жана  мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү 50 операциялык участокторун жана 870 байланыш бөлүмдөрүн (192 –шаардык, 678 – айылдык) камтыйт.

Бүгүнкү күндө “Кыргыз почтасы” МИ финансылык менеджментти жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү модернизациялоонун үстүнөн иштөөдө жана өнүктүрүүдө.

Финансылык сектор жана ишкананы атаандаштыкка, экономикалык жактан жашоого жөндөмдүү жана кызматтарды пайдаланууга суроо талап жогору болгон жеткирүүчүгө өзгөртүп түзүү үчүн зарыл болгон финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жана финансылык менеджменти башкарууда потенциалын өстүрүү максатында  “Кыргыз почтасы” МИге техникалык көмөк керек.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Финансылык секторду өнүктүрүү долбоорун» (FSDPP125689) ишке ашырууну колдоого Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан каржылоо мүмкүнчүлүгүн алды жана бул каржылоо каражаттарынын бөлүгүн (3 млн. АКШ доллары өлчөмүндө) IFB:FSDP / KPO / ICB / 2.1.2 «Финансылык кызматтардан кеңири пайдалануу максатында «Кыргыз почтасы» МИнин 550 жумушчу орундарына почта технологияларын (Программалык продуктуларды жана жабдууларды) сатып алуу» жыйынтыгы боюнча алынган макулдашуу боюнча төлөмдөр үчүн пайдаланылат. 

Долбоордун алкагында Кыргыз почтасынын учурдагы ишин базалык финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жайылтуунун рентабелдүү рыноктук каналына өзгөртүү каралган, аз камсыздалган айылдык коомдоштуктар үчүн алардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында.

«Кыргыз Почтасы» МИ тарабынан 2017-жылдын 19-декабрында Тендер жарыяланды, ал Дүйнөлүк Банктын Колдонмосунда көрсөтүлгөн эл аралык конкурстук соодалардын (ЭКС) жол-жоболорун пайдалануу менен өткөрүлөт: ЭРӨБкредиттерижанаЭӨА кредиттери боюнча сатып алуулар, 2011-жылдын январындагы редакция, жана катышууга укуктуу соодалардын бардык катышуучулары үчүн ачык. Тендердик процесстин башталышы тууралуу маалымат Дүйнөлүк Банктын Тобунун (www.worldbank.org/), UNDB (https://www.devbusiness.com/) Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин (zakupki.gov.kg/) жана “Кыргыз почтасы” МИнин  (www.kyrgyzpost.kg/) сайттарында жайгаштырылган.

Техникалык жана финансылык сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү 2018-жылдын 19-февралына белгиленген, “Кыргыз почтасы” МИ сооданын кызыкдар болгон катышуучулары үчүн тендер алдындагы конференцияны өткөрөт, анда «Финансылык кызматтардан кеңири пайдалануу үчүн “Кыргыз почтасы” МИнин 550 жумушчу орундарына почта технологияларын (Программалык продуктулар жана жабдуу) сатып алуу» тендердик процессинин шарттарына жана талаптарына байланышкан бардык керектүү маалыматтар берилет. “

 

 Байланыш:

«Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы

Эл. почта: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.  

Тел./факс + 996 312 61 36 07, 90 17 25

Чүй проспекти, 227

Кыргыз Республикасы, Бишкек.

 

Financial Sector Development Project (FSD PCU)

E-mail: 

Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.  

Tel./fax.: + 996 312 61 10 02, 61 03 86

227 Chui ave. (office 201)

Bishkek, Kyrgyz Republic


 

2017-жылдын мыкты почтальонуна алтын төш белгисин тапшыруу.


      «Кыргыз почтасы» МИ “2017-жылдын мыкты почтальону” республикалык конкурсун өткөрдү. Конкурс бир нече этаптар менен өттү. Республика боюнча бардык почтальондор катышып, өздүк сапаттары жана кесиптик чеберчилиги боюнча бир нече апта бою жарышышты. Финалга 6 конкурсант чыкты, алардын арасынан компетентүү калыстар тобу эң мыктысын тандашты. Ал Бишкек шаарынан №11 почта байланыш бөлүмүнүн почтальону Наталья Дьяконенко болуп чыкты.

         2 орун – М. У. Джуматаева (Талас областы, Талас РФ)

         3 орун – Н. И. Муканбетова. (Ыссык-Көл областы, Тон  РФ)

               Ак – Жар ББ)

         4 орун – Т. В. Назарова (Чүй областы, Кемин РФ)

         5 орун – С. А. Нишанова (Баткен областы, Баткен РФ)

         6 орун - А. А. Ажибеделова (Ош областы, Ош ПФ)

        Сыйлыкты салтанаттуу тапшыруу аземи 2017-жылдын 25-декабрында Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын кичи залында болүп өттү. Иш чараны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Джусупбеков Бакытбек Асанбекович ачып, почтанын иши абдан маанилүү жана зарыл экендигин баса белгиледи. 2018-жылга бир кыйла маанилүү иш-чаралар пландаштырылууда, анын натыйжасында почта байланыш бөлүмдөрү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн фронт кеңсе болот жана бул жерде мамлекеттик кызматтар гана эмес. Бул кирешени көбөйтүп, кызматкерлердин эмгек акысын жана эмгек шартын жакшыртат. Бардык кызматкерлерди Жаңы жылы менен куттуктап, чың ден соолук жана жеңил эмес түйшүктүү иште ийгиликтерди каалады.

             “2017-жылдын мыкты почтальону” алтын төш белгисин Наталья Дьяконенкого “Кыргыз почтасы” МИнин генералдык директору Эшалиев Таалайбек Мамырбаевич тапшырды. “2017-жылдын мыкты почтальону” конкурсу кызматкерлерди мотивациялоо, кесиптин баркын көтөрүү жана өндүрүштүк натыйжаларды жогорулатуу максаты менен жыл сайын өткөрүлөт.


Дени сак денеде – дени сак рух! «Кыргыз почтасынын» футболдук командасы AFL Премьер-дивизионунун чемпиондору.

 Бишкекте AFL футболь сүйүүчүлөр лигасынын IV сезону аяктады. Анын жыйынтыгы боюнча “Кыргыз почтасынын” курама командасы Премьер-дивизиондо 1 орунда ээледи. Ал эми “Мыкты оюнчу” номинациясын Кыргыз почтасынын кызматкери Улан Рыскулов алды.

       IV сезон үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында башталган, анда 96 команда катышты. Оюндар Бишкек шаардык мэриянын алдындагы дене тарбия жана спорт башкармалыгынын колдоосу менен “Футболистан” шаардык комплексинин тааласында өткөрүлдү.  

      Белгилей кетүүчү нерсе, “Кыргыз почтасынын” курама командасы 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети уюштурган, байланыш кызматкерлери күнүнө арналган жыл сайын өткөрүүлүчү турнирде жеңүүчү болду. Андан сырткары, “Мыкты оюнчу” наамын биздин кызматкер Нурсултан Казымбеков  алды, 96 команда катышты.


 

Таза коом” улуттук программасынын алкагында “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы “Гибриддик почта” долбоорун ишке ашырууда.

              “Таза коом” улуттук программасынын алкагында “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы “Гибриддик почта” долбоорун ишке ашырууда. Долбоор 2017-жылдын 1-декабрында башталып, 2018-жылдын 1-апрелине чейин созулат. Долбоорду ишке киргизүү Бишкек шаарынын 5 кичирайонунан башталып, анда 5000ден ашык абонент бар.

         «Гибриддик почта» коммуналдык төлөмдөрдү жүргүзүүнү өтө эле жөнөкөй жана ыңгайлуу кылат. Анын жардамы менен абонент бир баракка басып чыгарылып, конвертке салынган бардык эсептерди алат. Эми жарандар бардыгын дароо төлөө же барып алардын ар бирин өзүнчө төлөө үчүн бардык дүмүрчөктөрдүн ар бирин качан алып келип берет деп күтүүнүн кереги жок.

         Долбоордун катышуучулары  – «КомТрансКом» ЖЧКсы, «Газпром» ЖЧКсы, “Бишкексууканал” ӨЭБ,  “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасы, «Мастер Домофон» ЖЧКсы, «Кыргызлифт» ААК, «Бишкекжылуулуктармагы» ААК, «Түндүкэлектро» ААК коммуналдык кызматтары.

         Өзүнчө эсептерди иштеп чыгуу жана аларды бирдиктүү коммуналдык эсептерге түзүү үчүн “Кыргыз почтасы” МИ программалык камсыздоону иштеп чыкты жана кайра байланыш кызматын ачты – кызуу байланыш кызматынын кыска номуру 1929, MessengerWhatsApp+996 703 200 003, ошондой эле электрондук почта дареги Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. . 2018-жылдын 7-декабрында бардык эсептер басып чыгарылды, жеткирүү Бишкек почтамт филиалынын №73 байланыш бөлүмүнүн почтальону тарабынан жүзөгө ашырылат.

«Кыргыз почтасы» МИнин PR - менеджери

Назгуль Раимкулова


Финансылык кызматтардан  кеңири пайдалануу максатында “Кыргыз почтасы” МИнин 550 жумушчу орундарына Почта технологияларын (Программалык продуктулар жана жабдуу) жеткирип берүүгө сооданын катышуучуларын чакыруу.


Соодаларга катышууга чакыруу (СКЧ)


Күнү:  2017-ж. 19-декабрь.

Өлкө: Кыргыз Республикасы

Долбоор:Финансы секторун өнүктүрүү

Ссуда /кредиттин номуру: 50670-KG / H760-KG

IFB аталышы: Финансылык кызматтардан кеңири пайдалануу максатында “Кыргыз почтасы” МИнин 550 жумушчу орундарына почта технологияларын (Программалык продуктулар жана жабдуу) сатып алуу.

Номур IFB: FSDP / KPO / ICB / 2.1.2

1. Кыргыз Республикасы Финансы Секторун Өнүктүрүү Долбоорунун (ФСӨД) баасына карата Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан каржылоо мүмкүнчүлүгүн алды жана бул каржылоо каражаттарынын бөлүгүн (3 млн. АКШ доллары өлчөмүндө) IFB:FSDP / KPO / ICB / 2.1. жыйынтыгы боюнча алынган макулдашуу боюнча төлөмдөр үчүн пайдаланылат.   

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Кыргыз Почтасы» мамлекеттик ишканасы (мындан ары Кыргызстандын Почта Бөлүмү (КПБ) Финансылык кызматтардан кеңири пайдалануу максатында “Кыргыз почтасы” МИнин 550 жумушчу орундарына почта технологияларын (Программалык продуктулар жана жабдуу) жеткирип берүүгө ылайык келген жана квалификациялуу сооданын катышуучуларынан табыштама алууну сунуштайт.

3. Соодалар Дүйнөлүк Банктын Колдонмосунда көрсөтүлгөн эл аралык конкурстук соодалардын (ЭКС) жол-жоболорун пайдалануу менен өткөрүлөт: ЭРӨБ кредиттери жана ЭӨА кредиттери боюнча сатып алуулар, 2011-жылдын январындагы редакция, жана төмөнкү минималдуу квалификациялык критерияларга дал келген, бул Колдонмодо белгиленгендей катышууга укуктуу соодалардын бардык катышуучулары үчүн эшик ачык:

Жеткирүүчү төмөнкү тармактарда айкалышкан көндүмдөргө жана тажрыйбаларга ээ болууга тийиш:

•         Финансылык башкаруу тиркемелерин киргизүү

•         Фронт кеңсесин жана бэк кеңсесин автоматташтыруу

•         Окшош өлчөмдө чекене соода тармактарына киргизүүнү комплекстүү интеграцияланган башкаруу

•         Маалыматтарды Иштеп чыгуу Борборун (МИБ) ишке ашыруу

Сооданын катышуучулары үчүн квалификациялык талаптар:

1.Катышуучунун орточо жылдык жүгүртүүсү акыркы үч (3) жылда (2014-2016-жж.) кеминде 4 500 000 АКШ долларын түзүүгө тийиш же эквивалент.

2. Катышуучу акыркы үч (3) жылда (2014-2016-жж.) окшош тааталдыктагы тутумдарды жеткирип берүүгө жана киргизүүгө эң аз дегенде  эки (2) контрактты ийгиликтүү ишке ашыруу керек. Бүткөн контракттардын бири кеминде 1 120 000 АКШ долларын түзүүгө тийиш же эквивалент.

3. Биргелешкен ишкана болгон учурда алдыңкы өнөк (негизги жеткирип берүүчү) кирешеге муктаждыктардын кеминде 50%ын эсепке алуу керек жана  үч (3) жылдын ичинде окшош татаалдыктагы тутумдарды жеткирип берүүгө жана ишке ашырууга эч болбогондо 1 контракт болушу керек.

4. Катышуучу макулдашууга ылайык ишке ашырууда өз персоналын кеңейтүү жана “Кыргыз Почтасы” МИнин муктаждыктарын колдоо жолу менен Контракттын колдонулушу мөөнөтү ичинде колдоо жана техникалык тейлөөнү камсыздоо үчүн ишке ашыруу планына жеринде өзүнүн катышуусун камтыйт..

4.     Англис тилиндеги сооданын тендердик документтери жана анын тиркемелери толук комплекте берилген. Төмөндө көрсөтүлгөн дарек боюнча жазуу жүзүндөгү арыз берүү менен сооданын кызыкдар болгон катышуучулары басма версиясын ала алат. Документ курьер тарабынан жөнөтүлөт жана топтоо Катышуучу тарабынан төлөнүүгө тийиш.

           Сооданын кызыкдар болгон катышуучуларынын өкүлдөрү катыша алтурган тендер алдындагы жыйын 2018-жылдын 18-январында  жергиликтүү убакыт (KGT) менен саат 15:00до Бишкек ш., Чүй пр., 227; Конференц-зал (2 этаж) дареги боюнча өтөт.

5. Сунуштар 2018-жылдын 12-мартына, жергиликтүү убакыт (KGT) менен саат 15:00го чейинтөмөндө көрсөтүлгөн дарек боюнча жеткирилүүгө тийиш. Кеч калган табыштамалар кабыл алынбайт. Сунуштар 2018-жылдын 12 - мартында, жергиликтүү убакыт (KGT) менен саат 15:00до төмөндө көрсөтүлгөн дарек боюнча катышууну чечишкен сооданын катышуучуларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда ачылат.

6. Бардык табыштамалар 60 000 АКШ доллары өлчөмүндөгүбанктык кепилдик менен же башка эркин алмашма валютадагы эквиваленти  менен коштолуусу керек.  

7. Потенциалдуу талапкерлердин алар өздөрүнүн табыштамаларында бардык программалык камсыздоо же чыныгы лицензия менен жабылгандыгын, же Талапкер тарабынан алынгандыгын далилдөөгө тийиш, жана бузуу алдамчылык болуп эсептелип, бул Дүйнөлүк банк тарабынан каржылануучу контракттарды түзгөн дисквалификациялоого алып келүүсү мүмкүн болгон фактыларына көңүл бурулат.

8. Жогоруда көрсөтүлгөн дарек:

Кыргыз  Почтасы МИ

Долбоорду координациялоо бөлүмү

Жунус Калбердиев, ДКБнын менеджери

Чүй пр.,, 227; (кеңсе 201), Бишкек, 720001, Кыргыз Республикасы

Tel.: +996312611002; +996312610386;

Fax.: +996312611003

E-mail: procurement@fsdp.kg; Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

ЧАКЫРУУНУ ОРУСТИЛИНДЕ ЖҮКТӨП АЛУУ

ЧАКЫРУУНУ АНГЛИС ТИЛИНДЕ ЖҮКТӨП АЛУУ

 


 

 

КЫЗЫГУУНУ БИЛДИРҮҮГӨ СУРОО-ТАЛАП (КЕҢЕШ БЕРҮҮ КЫЗМАТТАРЫ – КОМПАНИЯЛАРДЫ ТАНДОО)

 


 

КЫЗЫГУУНУ БИЛДИРҮҮГӨ СУРОО-ТАЛАП

 (КЕҢЕШ БЕРҮҮ КЫЗМАТТАРЫ  – КОМПАНИЯЛАРДЫ ТАНДОО)

 Кыргыз Республикасы

 «Финансы секторун өнүктүрүү» долбоору

 Кредит No./ Грант No.: IDA 50670-KG/H760-KG

Тапшырманын аталышы: 2016-жылдын 31-декабрында жана 2017-жылдын 31-декабрында аяктаган жылдарга жана абалы боюнча «Кыргыз почтасы» МИге  АУДИТ жүргүзүү  

Пакет No. (Сатып алуу планына ылайык): FSDP/CS/2.2.4/2017

 

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү финансы секторун өнүктүрүү боюнча Программаны (FSDPP125689)  ишке ашырууну колдоого Эл аралык Өнүктүрүү ассоциациясынан (ЭӨА) кредит жана грант алды. Долбоор “Кыргыз почтасынын” (КП) филиалдарынын байланыш бөлүмдөрү аркылуу финансылык тейлөөнү кеңейтүүгө багытталган компонентти камтыйт. Каржылоонун бөлүгү КПнын финансылык менеджменти тармагында потенциалын өнүктүрүү максатында техникалык көмөк көрсөтүү үчүн пайдаланылат. Программанын алкагында ФОЭСге ылайык 2016-жылдын 31-декабрында аяктаган жылга финансылык отчетту даярдоого КПга жардам көрсөтүлгөн. Ошондой эле 2017-жылдын 31-декабрында аяктаган жылга финансылык отчет финансылык башкаруу тармагында потенциалды өнүктүрүү боюнча Консультанттын жардамы менен ФОЭСге ылайык даярдалат. Аудит үчүн бардык маалыматтык жана бухгалтердик жазуулар бар же КПнын башкы кеңсесинде жеткиликтүү болот.

 “КП” МИнин потенциалын натыйжалуу пайдалануу жана финансы секторун өнүктүрүү долбоорун (ФСӨД) ишке ашыруунун алкагында максаттарга жетүү максатында, “КП” МИ финансы жана жеке менчик секторунун тармагында иш келишимдерин активдештирүү зарыл.

 ФОЭСге ылайык финансылык отчетту көз карандысыз аудитордук текшерүүнүн жыйынтыктары, жана аудитордун жыйынтык сунуштары боюнча “КП” МИнин жетекчилиги тарабынан көрүлгөн чаралар, финансылык кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктарды канааттандыруу жана өнүктүрүү боюнча жеке менчик сектор менен түзүлгөн келишимдердин көлөмүн көбөйтүүдө “КП” МИнин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.  

 КПнын финансылык отчетуна көз карандысыз аудит жүргүзүүнүн максаты аталган финансылык отчет финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча Кеңеш (IASB) тарабынан жарыланган Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (ФОЭС) ылайык бардык олуттуу аспектилерде  даярдалып, даярдалбагандыгы жөнүндө аудиторлорго өз тыянагын чыгарууга мүмкүнчүлүк берүү болуп эсептелет. ФОЭС (IASB) 1 ылайык, финансылык отчеттун толук комплекти төмөнкүлөрдү камтыйт:

  (a)             мезгилдин аягына абал боюнча финансылык абал жөнүндө отчет;

  (b)              мезгил үчүн жыйынды киреше жөнүндө отчет;

  (c)              мезгил үчүн капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет;

  (d)              мезгил үчүн акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет;

  (e)              эсепке алуу саясатынын негизги принциптеринин кыскача баяндамасын  жана башка түшүндүрмө маалыматты камтыган эскертүүлөр; ошондой эле

  (f)            ишкана ретроспективдүү эсепке алуу саясатын же финансылык отчеттогу элементтерди ретроспективдүү кайра саноону колдонгон учурда; же, финансылык отчетунда беренелерди ре-классификациялоону жүргүзгөн учурда, башталышына карата абал боюнча салыштыруу үчүн алынган мезгилдин финансылык абалы жөнүндө отчет.

 Аудит Эл аралык бухгалтерлер федерациясынын (ЭБФ) аудит стандарттары жана аныктыгын ырастоо боюнча эл аралык кеңеш (АСАЫЭК) тарабынан жарыяланган Эл аралык аудит стандарттарына (ЭАС) ылайык жүргүзүлүүгө тийиш. Бул стандарттар финансылык отчетто олуттуу бурмалоолордун камтылбагандыгына негиздүү аныктама алуу максатында аудитти пландаштыруу жана жүргүзүү аудиттен талап кылынат. Аудит финансылык отчетто камтылган суммаларды жана ачып көрсөтүүлөрдү тандама негизде текшерүүнү киргизет. Аудит ошондой эле бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн колдонулган принциптерин баалоону жана жетекчилик тарабынан кетирилген олуттуу жол берүүлөрдү, ошондой эле финансылык отчеттун жалпы түшүнүгүн баалоону камтыйт.  

 2016 жана 2017-жылдарга “КП” МИнин Финансылык Отчету боюнча аудитордук отчеттон тышкары, аудитор жетекчиликке кат даярдайт, ал катта төмөнкүлөр камтылышы керек:

a)         аудитордук текшерүүнүн жүрүшүндө текшерилген эсепке алуу жазуулары, тутумдар жана контролдор тууралуу сын пикирлер жана байкоолор, атап айтканда, аудиттин алкагында жогоруда айтылган маселелер боюнча;

b)         конкретүү кемчиликтерди же тутумда жана контролдо алсыз жактарын ачуу, ошондой эле аларды жоюу боюнча сунуштарды берүү;

c)         Финансылык келишимдин шарттары сакталбагандыгы тууралуу билдирүү; 

d)        Аудитордук текшерүү учурунда анын көңүлүндөгү объект катары болгон жана долбоорду ишке ашырууга күчтүү таасирин тийгизиши мүмкүн болгон маселелер жөнүндө билдирүү;

e)         Аудитор зарыл деп эсептеген бардык башка маселелерди заказчыга жеткирүү.

f)         жетекчиликке жолдонгон корутунду катка жетекчиликтин комментарийлерин камтуу.

 

 Тапшырманын узактыгы – 2018-жылдын 30-июнуна чейин, 6 ай. 

 “Кыргыз почтасы” МИнин долбоорду координациялоо бөлүмү Кызматтарды көрсөтүүгө кызыгуусун билдирүү үчүн укуктуу консультациялык компанияларды (“Консультанттарды”) чакырат. Кызыкдар Консультанттар тапшырманы аткарууга керек болгон тажрыйбаны жана талап кылынган квалификацияны чагылдырган маалыматты берүүгө тийиш.

 Тандоо критерийлери төмөнкүлөрдү камтыйт:

 -          Аудитор мамлекеттик субъектилердин, финансылык мекемелердин же ири компаниялардын аудити тармагында далилденген потенциалы бар Кыргыз Республикасында катталган жана лицензияланган аудитордук комания болушу керек;

 -          Аудитор жана биргелешкен ишкана болгон учурда анын өнөктөрүнүн ар бири Дүйнөлүк банктын укуктуу аудитордук компанияларынын тизмегине кирүүсү керек;  

 -          Аудитор акыркы 3 жылдын ичинде МТ, операциялардын баяндамасына байланышкан эч болбогондо 5 (беш) тапшырмага катышкан жана жалпы улуттук децентрализацияланган операциялар менен компанияларды башкарууну контролдоо тажрыйбасы болушу керек.

 -          Аудитор дайындалган почта операторлорунун аудити тармагында тийиштүү иш тажрыйбасы бар эң аз бир экспертти командага киргизүүгө тийиш.

 -          Аудитор банк, телекоммуникация же логистика тармагында кеминде 5 жыл консультациялык кызматтарды көрсөткөн жана аудит тармагында тийиштүү тажрыйбасы бар менеджерди командага киргизүүгө тийиш.

 -          Аудитор тарабынан сунушталган команда окшош көлөмдөгү, масштабдагы жана камтуудагы аудит тармагындагы тапшырмаларды башкаруу тармагында кеминде 5 жыл иш тажрыйбасы бар аудит боюнча менеджер тарабынан башкарылууга тийиш. Команда эл аралык сертификаты бар тийиштүү квалификациясы менен эч болбогондо эки экспертти кошууга тийиш. 

 Кызыкдар болгон Консультанттар кызыкчылыктардын кагылуушусу тармагында Дүйнөлүк Банктын саясаты максатында, 2011-жылдын январындагы Дүйнөлүк Банктын зайымчылары тарабынан (ЭРӨБ зайымдарынын жана ЭӨА кредиттеринин жана гранттарынын алкагында) Консультанттарды тандоо жана жалдоо боюнча Дүйнөлүк Банктын колдонмосунун 1.9 жана 1.11-пункттарына өзгөчө көңүл бурууга тийиш.  

 Консультанттар өзүнүн квалификациясын күчөтүү максатында Биргелешкен ишкана формасында башка фирмалар менен бириге алышат. Биргелешкен ишкананын бардык мүчөлөрү биргеликте жана өз-өзүнчө бардык тапшырмалардын аткарылышына жооп берүүгө тийиш. Суб-консультанттардын иш тажрыйбасы жана квалификациясы Консультанттарды тандоодо каралбайт.  

 Консультант консультанттарды тандоо жана жалдоо боюнча Колдонмодо жазылган “Эң төмөнкү баада тандоо” ыкмасынын негизинде тандалат.   

 Кошумча маалыматты жана техникалык тапшырманы төмөндө көрсөтүлгөн дарек боюнча, жергиликтүү убакыт менен саат 9:00дон 18:00го чейин же www.devbusiness.com жана www.kyrgyzpost.kg. UNDB сайтында алууга болот.

 Кызыгууну билдирүү 2017-жылдын 13-ноябрынан кечиктирбекстен жергиликтүү убакыт менен саат 17:00го чейин төмөндө көрсөтүлгөн дарек боюнча (кол менен, почта, факс же электрондук почта аркылуу) англис тилинде берилүүгө тийиш.

 Техникалык тапшырманын акыркы долбоорун төмөнкү шилтеме боюнча жүктөсө болот:

 

Орус тилиндее

Англис тилинде  

 

Кызыкдар болгон Консультанттардын эң көп 25 беттен турган кызыгууну билдирүүсү, ошондой эле негизги документке орус тилинде кызыгууну билдирүүнүн версиясын тиркөө жактырылат. Бул талаптын аткарылбашы Консультанттын табыштамасы мындан аркы каралышынан четтетилишине алып келбейт.

«Финансы секторун өнүктүрүү» долбоорун координациялоо бөлүмү долбоордун менеджерине, мырза Жунус Калбердиевге,

 Чүй проспекти, 227, каб. 201

 Кыргыз Республикасы, Бишкек, 720001

 Teл: +996 312 61 10 02

        +996 312 61 03 86

Эл.почта: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

               Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.


«Кыргыз почтасы» МИ postmarket.kg интернет-дүкөнүн ачты.

 

«Кыргыз почтасы» МИ postmarket.kg интернет дүкөнүн ачты.

Күн сайын интернет технологиялары жигердүү өнүгүүдө. Кыргызстандыктар товарларды көбүрөөк интернеттен сатып алууда, себеби бул ыңгайлуу жана аз убакытты алат. Биздин ишкана интернет-коммерция чөйрөсүндө кубаттуу потенциалга ээ.

Биз Postmarket.kg жеке интернет дүкөнүн ишке киргиздик. Бул ар кандай товарларды дүңүнөн сатып алуучуларга да жана сатуучуларга да көп артыкчылыктарды берген уникалдуу соода аянты. Азыркы мезгилде биз бир нече товарларды жеткирип берүүчү-компаниялар менен иштеп жатабыз. Сайтка 1000ге жакын товарлардын түрү (эркектердин жана аялдардын кийими, бут кийим, уюлдук телефондор, аксессуарлар) коюлган.

Биз ондогон жылдар бою мезгил сынагынан өткөн товарларды жеткирүүнүн салттуу почта тутумунан эң мыкты нерселерди алдык жана интернет-коммерция чөйрөсүнө акыркы технологияларды жана жаратууларды коштук.

Биздин ишкана интернет дүкөнү аркылуу сиздердин товарыңыздарды сатуу чөйрөсүндө эки тарапка тең пайдалуу кызматташууну сизге сунуштайт.  

Ошондой эле postmarket.kg сайтында Сиз “Селфи” кызматынын пайдалана аласыз, ал туугандарыңызга жана жакындарыңызга өзүңүздүн сүрөтүңүз менен ачык каттарды, футболкаларды жана сувенирдик продукцияларды жөнөтүүгө мүмкүндүк берет. Муну жасоо оңой, Швецияда, Москвада, Римде, Лондондо сиз кайсыл жерде болбоңуз, каалаган башка шаарда же өлкөдө эс алууда үй-бүлөңүз, досторуңуз менен заматта сүрөткө түшүп, бизге почтага жөнөтөсүз. Биз сиздин посылкаңызды дүйнөнүн каалаган жерине досторуңузга жана туугандарыңызга жеткиребиз. 

Ошондой эле биздин сайтта “Куттуктоо” бөлүмү иштейт. Сиз белекке кызыктуу продукцияны тандап аласыз (ачык каттар, брелоктор, магниттер жана башкалар), ага уникалдуу жазуу калтырасыз (туугандарыңызды жана жакындарыңызды майрам, салтанат, мааракелер менен куттуктоо) жана аларга почта менен жөнөтөсүз.

Бардык суроолор боюнча Сиз “Кыргыз почтасы” МИнин адистери менен байланышсаңыз болот;

Роман Кострубов (+996)312610068, (+996)552511336,  Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. ;

Кундуз Камчыбекова (+996)558070868,   Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.