«Кыргыз почтасы» ААКнун кызматкерлери «Манас» кубогунун мини-футбол боюнча турнирине катышышты

20-21-апрель күндөрү Бишкек шаарында Кара-Кыргыз автономдук облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын урматына жана 1-май эмгекчилер күнүнө арналган мамлекеттик ,муниципиалдык кызматкерлеринин арасындагы “Манас” кубогунун мини-футбол боюнча турнири болуп өттү. Турнир Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык мекемелер жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан уюштурулган. Иш чарага 36 команда-Жогорку Кеңештин, Жогорку соттун, министрликтердин, мамлекеттик ишканалардын өкүлдөрү, журналисттер жана […]

Кыргыз Республикасынын Президенти жарыялаган үч айлыкка ылайык, “Кыргыз почтасы” ААКнын бардык филиалдарынын жана бөлүмдөрүнүн кызматкерлери ар ишемби күнү аймактарды тазалоого жана көрктөндүрүүгө активдүү катышат.

“Кыргыз почтасы” Аксы райондук филиалынын кызматкерлери “Жашыл мурас” долбоорунун алкагында бадамдын 6500 көчөтүн отургузууга өз салымын кошушту. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында сүт азыктарына жана тооктун жумурткасына болгон баа арзандады. Кыргызстан почтасынын кызматкерлери кийинки ишембиде да айлана-чөйрөнү тазалоого жана жаратылышты жашылдандырууга Активдүү катышарын белгилешти.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Окуу борбору мекемесинин демилгеси менен, “Кыргыз почтасы” ААКнун окутуу жана методология сектору менен биргеликте пенсиялык сабаттуулук жөнүндө базалык билим берүү боюнча тараптар макулдашылган графигинин негизинде 2024 жылдын январь-февраль айларында окутуулар өткөрүлдү.

Негизги максат болуп мектеп окуучуларынан тартып жогорку окуу жайларынын студенттерине жана министерство-ведомстволордун, мекеме-ишканалардын эмгек жамааттарына чейин пенсиялык сабаттуулук жөнүндө базалык билим берүү. Почтада иштеген кызматкерлердин калың катмарына өзүнүн социалдык укуктарын билүүсүн камсыз кылуу максатында, соцциалдык камсыздандыруу системасы жөнүндө пенсиялык сабаттуулукту жеткирүү болду. Кошумча маалыматты бул жерден жүктөп алсаңыз болот!

Кытайлык Dehang компаниялар тобу жана “Кыргыз почтасы” ААКму ортосунда экспорт жана импортту эки тараптуу өнүктүрүү багытында сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ишкерлеринин “Кыргызстан – Кытай (СУАР)” бизнес-форуму болуп өттү. Ишкерлердин форумуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жана Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) Элдик Өкмөтүнүн Төрагасы Эркин Тунияз катышты. Анда алар […]

“Кыргыз почтасы” ААК кызматкерлери ишембиликке чыгышты

Кыргыз Республикасынын Президенти жарыялаган 3 айлык ишембиликтин негизинде, бүгүн, 2024-жылдын 23-мартында, “Кыргыз почтасы” Ачык Акционердик Коомунун кызматкерлери айлана чөйрөнү тазалоо иштерин өткөрүштү. Ишембиликке “Кыргыз почтасынын” республика боюнча бардык филиалдарынын, бөлүмдөрдүн жалпы кызматкерлери катышты. Алар көчөлөрдүн бойлорун, парктарды, скверлерди шыпырып тазалап, имараттарды актоо иштерин аткарышты. Белгилей кетсек, мындай айлана чөйрөнү тазалоо иштерин мындан ары да ар […]