III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан 5 000 ден ашык ачык каттар жана каттар дүйнө жүзү боюнча туш-тушка жиберилди. 17.03.2020!

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан 5 000 ден ашык ачык каттар жана каттар дүйнө жүзү боюнча туш-тушка жиберилди.

Кыргыз почтасы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында почтанын эки кеңсесин ачты, биринчиси Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо жана экинчиси Кырчын этно шаарчасында жайгаштырылды. Көчмөндөр оюндарында иштөө үчүн англис, немец, түрк тилдерин билген мыкты кызматкерлер тандалды. 

Биринчи сентябрдан баштап сегизинчи сентябрга чейин почточулар баш оту менен ата-бабаларыбыздын дүйнөсүнө чөмүлүштү. Этно шаарчада биздин балдар ар кайсы өлкөлөрдөн келген конокторду кыргыз элинин тарыхы жана маданияты менен тааныштырышты, ошондой эле Кыргызстандын почтасы жөнүндө айтып беришти. Чолпон-Ата шаарындагы жана Кырчын этно шаарындагы почтанын кеңселеринде “Кыргыз почтасынын” кызматкерлери бардык каалоочуларга Көчмөндөр оюндары жана Кыргызстандын сулуулугу жөнүндө алган таасирлерин жөнөтүүгө жардам беришти. Ар кайсы өлкөлөрдөн келген туристтер маркаларды жана ачык каттарды сатып алуу менен, почта менен каттарды жөнөтүү – бул толкундануучу жана кызыктуу нерсе, ошол себептен алар “Посткроссинг” долбоорунун катышуучулары болуп калды. Бардыгынан коноктор биздин Мекенибиздин кооз жаратылышы, кыргыздардын салты жана маданияты, ошондой эле көчмөндөрдүн кызыктуу оюндары менен суктанышты.

Ошентип Кыргызстан Посткроссинг (англ. Postcrossing) дүйнөлүк долбооруна кошулду — бүткүл дүйнөдөн ачык каттарды алуу мүмкүнчүлүгү үчүн түзүлгөн долбоор. Ачык каттарды алмашуу принцибинин негизинде долбоордун бардык катышуучуларынын бирдиктүү базасы, ошондой эле ар бир катышуучуда жөнөтүлгөн жана алынган ачык каттардын ортосунда айырма минималдуу болушуна багытталган даректерди берүү механизминде жатат. Мында посткроссингде түз эмес алмашуу тутуму орун алган, тактап айтканда ачык каттарды бир пайдалануучуларга жөнөтүү менен, катышуучу аларды башкадан алат. Акыркы маалыматтар боюнча, долбоорго дүйнөнүн 208 өлкөлөрүнөн 676 000ден ашык адам катталган.

Эске салабыз, ипподромдогу почта кеңсеси почта кызматтарын, маркаларды, уникалдуу ачык каттарды сатуу жана паспортторду (ID-карт жана жалпы жарандык)  алуу жана алмашуу, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү, никелешүү тууралуу күбөлүктөрдү, өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктөрдү, аталыгын аныктоону каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү, ПИН алуу, каттоого туруу жана каттодон чыгуу, даректик маалымкаттарды, кыймылсыз мүлк жөнүндө маалымкаттарды берүү жана башка көптөгөн ушул сыяктуу мамлекеттик каттоо кызматтарын көрсөттү. Улуу көчмөндөр оюунун жабылыш аземине билеттерди сатууну жүзөгө ашырды жана келүүчүлөргө почтанын жаңы долбоорлору жөнүндө маалымдады.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *