Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын Тоң жана Лейлек райондук филиалдарынын башчыларынын бош кызмат ордун ээлөө үчүн АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАНАТ. 27.05.2021!

Көрсөтүлгөн кызмат орундарын ээлөө үчүн талапкерлерге төмөнкүдөй талаптар коюлат:
жогорку билим;
жетекчи кызматтарда 3 жылдан кем эмес практикалык иш тажрыйбасы;
почта байланышын уюштурууну билүү;
финансы, чарбалык иш жана корпоративдик башкаруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү;
аналитикалык иштөө, бизнес-пландоо, болжолдоо жана финансылык башкаруу боюнча көндүмдөр;
соттолгондугу жок;
персоналдык компьютер менен иштөөдө практикалык көндүмдөрдүн болушу;
тийиштүү профилдер боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарын аяктагандыгы жөнүндө сертификаттардын болушу (кабыл алынат);
жоопкерчилик, демилгелүүлүк, командада иштей билүү.

Кесиптик компетенттүүлүк:

Билим:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, “Почта байланышы жөнүндө”, “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”, “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктардын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-сентябрындагы №523 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын Уставы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-октябрындагы №621 токтому менен бекитилген “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасын өнүктүрүүнүн негизги багыттары.

Жөндөм:

маалыматты чогултуу, талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо боюнча;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу боюнча.

Көндүмдөр:
ченемдик актыларды иш жүзүндө колдонуу;
жумушту пландаштыруу жана иш убактысын туура бөлүштүрүү;
башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;
компьютердик жана иш техникасын, керектүү программалык продуктуларын өздөштүрүү.

Конкурска катышууну каалагандар төмөнкү документтерди тапшырышат:
бош кызмат ордун көрсөтүү менен конкурстук комиссиясынын төрагасынын наамына жазылган жеке арыз;
кадрларды эсепке алуу баракчасы;
өмүр баяны;
резюме;
4 сүрөт (3х4);
паспорттун көчүрмөсү;
талапкердин эмгек (кызматтык) ишин тастыктаган эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн);
билими, квалификациясын жогорулатуу ж.б. жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн);
соттолгондугу жок экендиги тууралуу белгиленген үлгүдөгү маалымкат (түп нускасы), берүү мөөнөтү документ берилген учурда 1 айдан ашпайт.

Конкурска документтер Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасына “Конкурс үчүн” деген жазуу менен Бишкек шаары, Чүй пр., 227, иш бөлмөсү 305 дареги боюнча жөнөтүлөт.

Конкурска катышуу үчүн арыз жана материалдар 2021-жылдын 11-июнунда саат 17.00го чейин кабыл алынат.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондорго кайрылыңыздар:
(312) 612404, 0772 512404

Конкурсту өткөрүү жайы жана убактысы конкурска кабыл алынган адамдарга кошумча жарыяланат.

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандар конкурска катыша алышпайт.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *