Өнөктөштөр

“Кыргыз почтасы” МИ – Кыргыз Республикасынын почта байланышынын оператору, Дүйнөлүк почта уюумунун мүчөсү болуу менен Кыргызстандын кызыкчылыгын коргойт.

“Кыргыз почтасы” МИ почта, финансы, мамлекеттик кызматтардын жана калктан төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча кызматтардын кеңири спектрин көрсөтөт. “Кыргыз почтасы” МИнин кармагында иш жүзүндө Кыргызстандын бүткүл аймагын, айрыкча райондук жана айыл жергесинин деңгээлинде камтыган, өлкөдөгү эң масштабдуу филиалдык тармагы бар. Республикадагы почта кызматкерлеринин эң чоң эмгек жамааттарынын бири – дээрлик 4000 кызматкер иштейт. Жыл сайын “Кыргыз почтасы” МИнин почта кызматкерлери 3475 миңден ашык каттарды, 150 миң посылкаларды кабыл алышат жана жеткиришет, 160 миң акча котормолорун кабыл алышат жана төлөшөт.

Почта белгиленген регламентке ылайык республиканын бардык булуң бурчтарына жеткирилет: областтык жана райондук борборлорго жана шаарларга чейин – жумада 5 жолу, байланыш бөлүмүнө чейин – жумада 3 жолу. Каттамдардын аралыгы эки тарабынан тең 25 миңден ашык километрди түзөт.

“Кыргыз почтасы” МИ Кыргыз Республикасынын бардык аймагында жалпыга жеткиликтүү кызматтарды көрсөтүү менен, экономикалык, социалдык, экологиялык туруктуулукту камсыздоого жооп берет. Коомдун туруктуу өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн жоопкерчилигин сезүү менен, “Кыргыз почтасы” МИ бардык кызыкдар тараптар менен социалдык-жооптуу өз ара аракеттенүү боюнча милдеттенмелерди кабыл алат. “Кыргыз почтасы” МИнин артыкчылыгы төмөнкүдөй, компаниянын өлкөнүн эң алыскы калктуу пункттарында бөлүмдөрү бар жана түзүлгөн шарттарда почта байланышынын бөлүмдөрү айылда экономикалык активдүүлүктүн борбору катары чыга алат, жана бул үчүн “Кыргыз почтасы” МИнин жетекчилиги тарабынан бардык күч-аракеттер жумшалууда.

Команияда модернизациялоо жана кызматтарды сапаттуу көрсөтүүгө өтүү процесси жигердүү жүрүүдө, бул тейлөөнү жакшыртуу гана эмес, почта тармагынын техникалык, операциялык, технологиялык, маалыматтык жактан жаңыланышын түшүндүрөт. Почта калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын спектрин кеңейтүүнүн үстүнөн гана иштебестен, сапатты жогорулатуунун үстүнөн да жигердүү иштейт. Почта кызматтарынын сапатын жогорулатуу максатында, “Кыргыз почтасы” МИ почта байланышынын тармагынын ишин оптималдаштырууга, кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу тутумдарын өнүктүрүүгө, кызматкерлердин социалдык жактан корголушун жогорулатууга багытталган иш-чараларды өткөрөт. Бардыгы болуп почта өз кардарларына 55ден ашык почта, финансы, инфокоммуникациялык жана башка кызматтарды сунуштайт. Почта филиалдары жана байланыш бөлүмдөрү аркылуу пенсияларды, жөлөк пулдарды жана башка социалдык төлөмдөрдү, ошондой эле жазылуучу басылмаларды жеткирүү ишке ашырылат. Байланыш бөлүмдөрүндө коммуналдык кызматтарды, ЖКККБнын айып пулдарын, автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү үчүн төлөмдөрдү төлөөгө, “Айыл Банкы” ААКнын микрокредиттерин алууга жана төлөөгө, бардык багыттар боюнча авиа, темир жол жана автобус билеттерин, театралдык билеттерди, элдик керектөөчү товарларды сатып алууга болот. Андан сырткары, коомдук жетүү борборлорунда каалоочулар Интернетке чыгууга, электрондук почтаны жөнөтүүгө, документти басып чыгарууга, ксерокөчүрмө алууга, уюлдук телефондорду пайдалангандыгы үчүн төлөм жүргүзүүгө болот.

ӨНӨКТӨШТӨР