Почта кызматтарынын тарифтери

Почта байланыш кызматтарынын тарифтери (кат-кабарларды кабыл алуу, жөнөтүү жана жеткирүү: жөнөкөй, заказдык почта карточкалары жана кабарламалар, жөнөкөй, заказдык жана баалуу каттар, бандеролдор – авиа жана жер үстүндөгү) мамлекеттик башкаруу органы (Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги) менен макулдашуу боюнча почта байланыш тармагын жөнгө салуучу мамлекеттик орган (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Байланыш агенттиги) тарабынан аныкталат.

Универсалдуу почта байланыш кызматтарынын тарифтери мамлекеттик башкаруу органы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен макулдашуу боюнча почта байланыш тармагын жөнгө салуучу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Байланыш агенттиги тарабынан аныкталат.

Почта кызматтарынын калган түрлөрүнүн, коммерциялык, салттуу эмес жана жаңы кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы тарабынан эсептешүү-келишимдик негизде белгиленет.

Почта кызматтарынын калган түрлөрүнүн (жөнөкөй, заказдык, баалуу каттарды, бандеролдорду республиканын чегинен тышкары кабыл алуу; республика ичинде жана республиканын чегинен тышкары жөнөкөй жана баалуулугу жарыяланган посылкаларды кабыл алуу, майда пакеттер, М каптары, республика ичинде жана анын чегинен тышкары акча котормолор, республика ичинде экспресс жөнөтмөлөр, эл аралык тездетилген почта; мезгилдүү басылмаларга жазылуу жана сатуу), коммерциялык, салттуу эмес жана жаңы кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы тарабынан эсептешүү-келишимдик негизде белгиленет.

СКАЧАТЬ ТАРИФЫ НА ПОЧТОВЫЕ УСЛУГИ