Өкмөттүн программасы «Жаны доорго — кырк кадам»

Өкмөттүн программасы «Жаны доорго — кырк кадам» 2040-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруунун биринчи жана өтө маанилүү этабын билдирет. Программа стратегиялык өнүгүү максаттарын ишке ашыруу процессине программалык-максаттуу мамиленин негизинде түзүлгөн.

Ар бир кадам Кыргыз Республикасынын экономикасынын жана коомунун орун алган көйгөйлөрүн конкреттүү чечүүгө багытталган. Өнүктүрүүнүн бул көйгөйлөрүнүн чечилбегендиги Өкмөттүн ишинин натыйжалуулугун чектеген бир катар факторлордун бар экендигин толугу менен көрсөтүп турат. Финансылык ресурстардын жетишсиздигинен тышкары (бул чечилбеген өнүгүү көйгөйлөрүнүн себеби эмес, кесепети болушу мүмкүн) башкаруунун натыйжалуулугунун жана мамлекеттик системанын бардык деңгээлдеринде иштөө ыкмаларынын начардыгынан көйгөйлөр чечилбей калышы мүмкүн. Ошондой эле ресурстар менен энергия көйгөйдү өзгөртүүгө жөндөмсүз чечимдерге жумшалган болушу мүмкүн.

Өкмөттүн программасы «Жаны доорго – кырк кадам» өлкөбүздүн калкынын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган 40 приоритеттүү кадамды 5 жылдын ичинде бир убакта ишке ашырууга арналган. Программанын негизги мааниси – жаран/инсан жана анын керектөөлөрүн, укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, ошондой эле адамдын керектөөлөрүнүн призмасы аркылуу башкаруунун жаңы структурасын реформалоо. Натыйжалуу башкаруу системасын түзүү пайда болгон чакырыктарга жана тобокелдиктерге карабастан натыйжалуу болот жана Программанын ийгилигинин ачкычы болот. Муну менен катар Программа орто мөөнөттүү келечекте өлкөнүн өнүгүшүнө таасир этүүчү тышкы, ички жана аймактык чакырыктарга жооп берет.
Саясий системанын демократиялык негиздерин сактоо жана чыңдоо, социалдык-экономикалык системаны өнүктүрүү, санариптик трансформация, аймактарды өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо маселелери чоң мааниге ээ; тышкы саясатта – эгемендүүлүктү сактоо, улуттук кызыкчылыктарды алдыга жылдыруу, достук тышкы байланыштарды камсыздоо жана аймактык жана глобалдык коопсуздукту чыңдоо маселелери.

Өкмөттүн программасы «Жаны доорго – кырк кадам» этап менен ишке ашырылат. 2017-жылдан баштап калкты тынчсыздандырган артыкчылыктуу маселелер:
1. жумушсуздукту кыскартуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү;
2. экономикалык жыргалчылыкты жана бизнестин көбүрөөк көз карандысыздыгын камсыз кылуу;
3. жарандардын, бизнестин жана мамлекеттин ортосундагы түз байланыштарды максималдуу түрдө жокко чыгаруу;
4. заманбап жана жеткиликтүү инфраструктураны куруу, анын ичинде транспорттук, социалдык, ирригациялык жана санариптик;
5. аймактарды өнүктүрүү жана социалдык-экономикалык маселелерди жеринде чечүү;
6.шаарларда жана поселоктордо коопсуздукту жана комфортту камсыз кылуу;
7. коррупцияны жоюу жана заманбап санариптик технологияларды киргизүү;
8. социалдык камсыздоону жана татыктуу турмуш децгээлин камсыз кылуу.