КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ
Мамлекеттик ишкананын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык фактылар белгилүү болсо «Кыргыз почтасы» кызмат адамдары жана кызматкерлери тарабынан темендегулерду билдиребиз:
МААЛЫМАТ ТАРТИБИ БОЮНЧА БИЛДИРЕТ: «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, коррупцияга каршы күрөшкө көмөк көрсөткөн адам жөнүндө маалымат мамлекеттик сыр болуп саналат жана коррупцияга каршы күрөшүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын же соттордун жазуу жүзүндөгү суроо-талаптары боюнча гана берилет. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген. Коррупциянын фактылары жөнүндө жалган маалымат берген адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат («Кылмыш жөнүндө жалган маалымат бергендик үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 16-апрелиндеги Мыйзамы). Коррупциянын себептерин жоюу, өз ишинде коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу максатында «Кыргыз почтасы» МИ төмөнкүдөй ченемдик укуктук актыларды жана ведомстволук документтерди жетекчиликке алат:
• БУУнун Коррупцияга каршы Конвенциясы, Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 6-августундагы № 128 Мыйзамы менен ратификацияланган
• “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
• «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
• “Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы
• “2019-2021-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому»
• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасына антикоррупциялык башкаруу моделин киргизүү боюнча иш-чаралардын планы
• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасында системалык коррупцияны жоюу боюнча такталган иш-чаралар планы