Даректери КТБ

Филиалдардын негизинде; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Кыргыз почтасы» МИ Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорттор менен камсыз кылуу үчүн 50 Калкты тейлөө борборлорун (КТБ) түздү. Калкты тейлөө борборун түзүү долбоору КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жана «Инфоком» МИ менен биргеликте ишке ашырылган.

Операциялык бөлмөлөрдө бирдиктүү операциялык терезе принциби боюнча бир катар кызматтарды көрсөтүүчү почта жана каттоо кызматтары иштейт. Борборлор салттуу түрдө көрсөтүлүүчү почта, финансылык жана каттоо кызматтарынан тышкары паспортторду алуу жана берүү үчүн арыздарды кабыл алуу, аларды даярдоо үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча кызматтарды көрсөтөт.

Борборлорду филиалдардын жана бөлүмдөрдүн базасында жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Кыргыз почтасы» МИ алардын калкка максималдуу жакын болушуна багытталган. Паспортторду берүү жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө боюнча бардык кызматтар ар бир жеке борбордо көрсөтүлөт, бул калк үчүн кошумча ыңгайлуулукту жаратат – документтерди тариздөө жана берүү убактысы кыскарды: жарандык паспорттор – 9 күнгө чейин, ID-карталар – 5 күнгө чейин.

Баткен областы Бишкек Жалал-Абад облусу Ысык-Көл облусу Нарын облусу Ош облусу Талас облусу Чүй облусу