Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоо
Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоо:
Керектүү документтердин тизмеси:
- Өздүгүн тастыктоочу документтер:
— 2004-жылкы үлгүдөгү паспорт. жана 2017,
— туулгандыгы тууралуу күбөлүк – 16 жашка чейинки жарандар үчүн,
— аскердик бөлүктөр жана аскердик мекемелер тарабынан берилген күбөлүк – аскер кызматчылары үчүн,
— аскердик билет – чакыруу боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан жарандар үчүн же келишим,
— эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулгандыгы жөнүндө маалымкат – эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган жарандар үчүн,
— кайрылмандын маалымкаты. - ТТурак жайга укук белгилөөчү документтин көчүрмөсү (техникалык паспорт).
- Аскердик кызматка милдеттүүлөр (аскерге милдеттүүлөр) үчүн – мурдагы жашаган жери боюнча аскердик каттоодон чыгарылгандыгы жана жаңы жашаган жери боюнча катталгандыгы жөнүндө жазуусу бар аскердик билет (аскердик каттоо жөнүндө күбөлүк).
- Турак жайдын ээсинин макулдугу же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу.