Документтерди кабыл алуу жана туулгандыгын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү берүү
Документтерди кабыл алуу жана туулгандыгын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү берүү:
Туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүүнүн мөөнөтү 7 жумушчу күндү түзөт.
- Ата-энеси никеде турган баланын төрөлүшүн каттоодо берилүүчү документтердин тизмеси:
— баланын туулгандыгы жөнүндө медициналык мекеменин же жеке практикалык дарыгердин маалымкаты;
— арыз ээсинин инсандыгын тастыктаган документтер (2004 жана 2017-жылкы үлгүдөгү паспорттор гана),
— нике күбөлүк,
— ата-энесинин же алардын биринин инсандыгын ырастоочу документтер
(2004 жана 2017-жылкы паспорттор гана),
- Катталган никеде турбаган эненин (жалгыз бой эненин) арызы боюнча баланын туулгандыгын каттоодо документтердин тизмеси:
— баланын туулгандыгы жөнүндө медициналык мекеменин же жеке практикалык дарыгердин маалымкаты;
— энесинин өздүгүн тастыктаган документ (2004 жана 2017-жылкы паспорттор гана),
— арыз ээсинин инсандыгын тастыктаган документтер (2004 жана 2017-жылкы үлгүдөгү паспорттор гана),
Жарандык абалдын актысын каттоо жөнүндө күбөлүк (кайра) алынгандыгы жөнүндө тилкат