«Кыргыз почтасы» ачык акционердик коомунун Жалал-Абад почта филиалын реконструкциялоо» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча жеке өнөктөштү тандоо боюнча конкурс жарыялайт жана конкурска катышууга кызыкдар тараптарды чакырат.
Конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабы менен төмөнкү шилтеме боюнча таанышууга болот: <<Кыргыз почтасы>> ачык акционердик коомунун Жалал-Абад почта филиалын реконструкциялоо>> МЖӨ долбоору боюнча конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабы.
Квалификациялык тандоого арызы бар конверт, ага тиркелген документтер менен конверт <<Кыргыз почтасы>> ААК, 720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чуй проспектиси № 227 дареги боюнча 2023-жылдын 25-октябры саат 17:00гө чейин курьердик кызмат же почта аркылуу кабыл алынат.
Долбоор боюнча суроолор боюнча «Кыргыз почтасы» ААК: тел.: +996 312 615295, же МЖӨ борборуна тел.: +996 (312) 61-11-29 аркылуу кайрылсаңыздар болот.