«Кыргыз почтасы» ААКсы Эл аралык сынактын катышуучуларын сыйлады

Бүткүл дүйнөлүк почта күнүн майрамдоонун алкагында «Кыргыз почтасы» ААК республикалык деңгээлдеги Эл аралык эпистолярдык эссе сынагынын катышуучуларын сыйлады. 52-эпистолярдык эссе конкурсунда республикалык комиссия төмөнкүдөй сыйлыктарды тапшырды:
III – орун
Марат кызы Саадат (Бишкек), “Давха” мектебинин окуучусу Диплом жана байге – уюлдук телефон.
II – орун
Төрөгелдиева Каныкей (Жалал-Абад облусу, Колот айылы), №35 мектептин окуучусу Диплом жана байге – планшет.
I – орун
Абдраимова Севинч (Чүй району, Токмок), №6 мектептин окуучусу Диплом жана байге – ноутбук.
Беш катышуучу Ардак грамота жана 1000 сомдон кызыктыруучу сыйлык менен сыйланышты:

  • Дилдемуратова Айжамал;
  • Кадырова Алия;
  • Жолдошказиева Чолпонай;
  • Бейшеналиева Фатима;
  • Элеманов Барсбек.

Дагы он катышуучу Ардак грамота жана 500 сомдон кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты:

  • Абуталипов Нурэл
  • Хажимуратова Айдай
  • Мамасайитов Азат
  • Дурусбекова Жамийла
  • Абибиллаева Даяна
  • Токтосунова Эльмира
  • Турусбекова Роза
  • Кубатбекова Нуркыз
  • Туратбекова Сезимай
  • Карыбаева Айсулуу
  • Догдурбаева Медина
    Бул жылы жаш конкурсанттар активдүү катышып, 18383 эссе тапшырышты, алардын баарын биз окудук. «Кыргыз почтасы» ААК бардык жеңүүчүлөрдү чын жүрөктөн куттуктайт жана алардын шыктандырган чыгармачылык каттары үчүн ыраазычылык билдирет. Алардын адабий таланты мындан ары да окурмандарды кубандырат деп ишенебиз.
    * Мелдеш жөнүндө
    Эпистолярдык жанрдагы эл аралык эссе сынагы жаш авторлордун жазуу чеберчилигин өнүктүрүү жана алардын чыгармачылык потенциалын стимулдаштыруу максатында өткөрүлүүдө. Жыл сайын сынак жазуу чеберчилиги аркылуу өз окуяларын жана ойлорун бөлүшүүгө даяр чыгармачыл ышкыбоздордун башын бириктирет. Быйылкы эссе темасы: “Сизди супербаатыр экениңизди элестетиңиз жана сиздин миссияңыз – дүйнө жүзү боюнча бардык жолдорду балдар үчүн коопсуз кылуу. Кимдир бирөөгө кат жазыңыз, бул миссияңызды аягына чыгаруу үчүн сизге кандай супер күчтөр керек болот.”

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *