2023-жылдын 4-декабрында Австриянын аймагында “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун өкүлчүлүгүнүн расмий ачылышы болуп өттү.

2023-жылдын 4-декабрында Австриянын аймагында “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун өкүлчүлүгүнүн расмий ачылышы болуп өттү.
Чет өлкөдө алмашуу жайынын ачылышы европалык өлкөлөр менен кызматташуудагы жаңы кадамдын белгиси болуп калды. Мындан тышкары ачылыш аземинде “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому жана Panalpa Handels und Entwicklungs менен маанилүү Макулдашууга кол коюлду.
Бул долбоор жеткирүү убактысын кыскартууда жана почта кызматтарынын сапатын жакшыртууда чоң роль ойнойт, ошондой эле логистиканы жана электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө түрткү болот. Бул долбоор кол өнөрчүлөргө жана ишкерлерге өз өндүрүмдөрүн дүйнөлүк рынокко экспорттоого уникалдуу мүмкүнчүлүк түзөөрүн белгилей кетүү маанилүү.
Өкүлчүлүктүн ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Макеев Толенди Картанбаевич жана “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун генералдык директору Черикчиев Марат Жолдошбекович, ошондой эле Австриядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышышты..
Ушундай маанилүү окуяга катышкандардын баарына ыраазычылык билдиребиз! Биз Австриядагы чет өлкөдө алмашуу жайы кызматтарды жакшыртуу жана бизнести өнүктүрүү үчүн негизги фактору болуп калат деп ишенебиз.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *