Документтерди кабыл алуу жана жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндө кайталап күбөлүктөрдү берүү

Документтерди кабыл алуу жана жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндө кайталап күбөлүктөрдү берүү:

Кызмат 7 жумушчу күндүн ичинде көрсөтүлөт.

Жарандык абалдын актысын кайра каттоо жөнүндө күбөлүк берүү үчүн берилүүчү документтердин тизмеси:

— арыз ээсинин паспорту (үлгү 2004 же 2017),
— жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндө кайталап күбөлүк алууга укуктуу адамдан нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн келишимдин түп нускасы. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндө кайталап күбөлүк алууга ыйгарым укуктуу адамдын ыйгарым укуктары келишимде каралууга тийиш.

Жарандык абалдын актысын каттоо жөнүндө күбөлүк (кайра) алынгандыгы жөнүндө тилкат