«Эки өлкө, эки парк” демилгесинин алкагында Кашкарда (КЭР СУАР) Кыргыз почтасынын бондалык кампасы ачылды

«Эки өлкө, эки парк” демилгесинин алкагында «Кыргыз почтасы» ААК, Нарын ЭЭА жана Кашкар ЭЭА, КЭР СУАР, ортосунда аянты 7500 м2 болгон бондалык аймагы (кампа) ачылды. Бондалык аймак электрондук почтаны өнүктүрүүгө жана ата мекендик продукцияны Кытай рыногуна экспорттоого чоң мүмкүнчүлүк түзөт.

2024-жылдын 29-февралында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кытай Компартиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, Кытай Эл Республикасынын СУАР парткомунун катчысы Ма Синжуй менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын стратегиялык аспектилерин талкуулады.

Ошондой эле, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров «Кыргыз почтасы» ААКтын башкы директору жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен бирге КЭР СУАР Кашкар шаарындагы «Кыргыз почтасы» ААКтын өкүлчүлүгүндөгү Нарын ЭЭАнын бажы зонасына барды. Анда «Кыргыз почтасы» ААК тарабынан уюштурулган «Кыргызстанда жасалган»-аталышындагы улуттук павильондун ачылышына катышты. Бул павильондо Кыргызстандын ата мекендик продукциялары көргөзмөгө коюлуп, мындан ары электрондук соода аркылуу жөнөтүлгөн товарлар жана оффлайн режиминде сатылуучу продукциялар бажы зонасында сакталаары белгилүү болду.

Минкаб башчысы Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын СУАР парткомунун өкүлдөрүнө Кашкарда бондалык аймакты ачууга көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын СУАР парткомунун катчысы Ма Синжуй эки тараптуу келишимдин алкагында «Кыргыз почтасы» ААКтын транспорту үчүн «Жашыл коридордун» ачылышын кубаттай турганын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур Автономиялык районунун Элдик Өкмөтүнүн ортосунда “Трансчек аралык электрондук коммерцияны өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу жана товарларды ташууда жол-жоболорду тездетүү чаралары”- жөнүндө келишимге кол коюлду. Белгилей кетсек Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы эл аралык почта жөнөтүүлөрү 2023-жылдын 16-августунан тарта уланууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *