“Кыргыз почтасы” ААКнун кызматкерлери стол тениси боюнча ич ара мелдеш өткөрүштү

Бүгүн “Кыргыз почтасы” ААКнун кызматкерлери Нооруз майрамын утурлай стол тениси боюнча ич ара мелдеш өткөрүштү. Мелдешке “Кыргыз почтасы” ААКнун кызматкерлери катышып, айымдар жана мырзалар болуп эки командага бөлүнүшкөн. Стол тенисин эки-экиден бөлүнүп, ойноп олтурушуп жеңүүчүлөр жарым финалга чыгышты, андан соң финалдык мелдеште айымдар арасынан финансылык тейлөө борборунун алып баруучусу Жылдыз Элебесова жеңишке жетти. Ал эми мырзаларды стол тениси боюнча “Кыргыз почтасы” ААКнун башкы директорунун орун басары Абдиев Роман Жанышевич жеңип чыкты. Жеңүүчүлөргө диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Белгилей кетсек мындай мелдештер белгилүү майрамдарда кесиптештер арасындагы мамилени чыңдоо максатында “Кыргыз почтасы” ААКнун профсоюз бөлүмү тарабынан уюштурулуп келет.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *