Кытайлык Dehang компаниялар тобу жана “Кыргыз почтасы” ААКму ортосунда экспорт жана импортту эки тараптуу өнүктүрүү багытында сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ишкерлеринин “Кыргызстан – Кытай (СУАР)” бизнес-форуму болуп өттү. Ишкерлердин форумуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жана Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) Элдик Өкмөтүнүн Төрагасы Эркин Тунияз катышты. Анда алар эки өлкөнүн экономикасына салым кошкон ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн үстүндө иш алып баруу улантылаарын билдиришти.
Белгилей кетсек, форумга Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр кытайлык 50дөн ашуун ири компания катышты. Ошондой эле, айыл чарба, медицина, билим берүү, санариптик өнүктүрүү, өнөр жай, туризм жана кызмат көрсөтүү тармактарында иш алып барган 50гө жакын кыргыз компаниялары болду. Ишкерлер форумдун жүрүшүндө, өз тармактары боюнча презентацияларды көрсөтүп, аны менен бирге далилдүү сунуштарды жана инвестициялык долбоорлорду карап чыгышты. “Кыргызстан – Кытай (СУАР)” бизнес-форумунун жыйынтыгында энергетика жана тоо-кен тармактарында 1 млрд 151 млн доллар суммасындагы 7 документке кол коюлду.
Мына ушул форумдун алкагында Хайнань эркин соода аймагынан Dehang компаниялар тобунун жетекчилери Лю Чжиёнг, Сионг Ян жана Пинг Лу СЕО “Кыргыз почтасы” ААКнун башкы кеңсесине келишти. Аларды “Кыргыз почтасы” ААКнун башкы директорунун орун басары Роман Абдиев баш болгон топ тосуп алып, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Анда алар экспорт жана импорт тармагын өнүктүрүү пландары тууралуу пикир алмашышып, мындан ары да сүйлөшүүлөр жүрөөрүн белгилешти. Белгилей кетсек Dehang компаниялар тобу 2006-жылы Кытайда негизделген жана компания комерциялык долбоорлорду узак мөөнөттүү башкаруу жана өнүктүрүү менен алектенет.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *