“Кыргыз почтасы” ААК кызматкерлери ишембиликке чыгышты

Кыргыз Республикасынын Президенти жарыялаган 3 айлык ишембиликтин негизинде, бүгүн, 2024-жылдын 23-мартында, “Кыргыз почтасы” Ачык Акционердик Коомунун кызматкерлери айлана чөйрөнү тазалоо иштерин өткөрүштү.

Ишембиликке “Кыргыз почтасынын” республика боюнча бардык филиалдарынын, бөлүмдөрдүн жалпы кызматкерлери катышты. Алар көчөлөрдүн бойлорун, парктарды, скверлерди шыпырып тазалап, имараттарды актоо иштерин аткарышты.

Белгилей кетсек, мындай айлана чөйрөнү тазалоо иштерин мындан ары да ар ишемби күндөрү улантылмакчы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *