«Кыргыз почтасы» ААКнун кызматкерлери «Манас» кубогунун мини-футбол боюнча турнирине катышышты

20-21-апрель күндөрү Бишкек шаарында Кара-Кыргыз автономдук облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын урматына жана 1-май эмгекчилер күнүнө арналган мамлекеттик ,муниципиалдык кызматкерлеринин арасындагы “Манас” кубогунун мини-футбол боюнча турнири болуп өттү. Турнир Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык мекемелер жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан уюштурулган.
Иш чарага 36 команда-Жогорку Кеңештин, Жогорку соттун, министрликтердин, мамлекеттик ишканалардын өкүлдөрү, журналисттер жана “Кыргыз почтасы” ААКнун кызматкерлери да катышышты.
Мамлекеттик мекемелердин профсоюзунун Борбордук комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей футбол эмгек жамааттарын жана спорттук командаларды бириктирүү максатында уюштурулган жана мындан ары да улантыла бермекчи.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *