“Кыргыз почтасы” ААКнун акционерлеринин бир жылдык жалпы чогулушу болуп өттү

2024-жылдын 25-апрелинде “Кыргыз почтасы” ААКнун акционерлеринин бир жылдык жалпы чогулушу болуп өттү. Жыйынга почтанын акционерлери болгон Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин өкүлдөрү катышышты. Анда “Кыргыз почтасы” ААКнун башкы директору Марат Черикчиев 2023-жылга карата аткарылган иштер туурасында баяндама берди.

Жалпы чогулушта күн тартибине ылайык бир катар маселелер каралды, алар акционерлер тарабынан бир добуштан кабыл алынып, анын ичинде “Кыргыз почтасы”ААКнун башкы директору Марат Черикчиевди кайра дайындоо, ошондой эле 2023-жылдагы финансылык-чарбалык ишмердиктин жыйынтыгы боюнча алынган пайданы почта тармагын өнүктүрүүгө калтыруу чечими кабыл алынды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *